super.kg logo

Психологиялык зомбулуктун белгилери

 

Кыргызстанда 25-ноябрда аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга багытталган 16 күндүк акция башталды. Акция “Зомбулукту токтот, жаша!” деген ураандын алдында өтүп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча, 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталганын көрсөттү. Бул өткөн жылдагыдан 30%га көп.

Уруп-соккон физикалык зомбулуктан башка психологиялык зомбулук бар. Психологиялык зомбулукту адам өзүнө да, тегерегиндегилерге да көрсөтүп, далилдеп айтып бериши кыйын.

Психологиялык зөөкүр деп башка адамдардын өздүк мейкиндигин, чек арасын бузган адамды айтабыз. Мындай адамдар үйдө шериги же балдары үчүн өзү чечим кабыл алат, алардын пикири, кызыкчылыктары жана муктаждыгы менен эсептешпейт. Жакындарынын баары көр жеме (деспот) адамдын эрежелери менен жашоого, айтканын айткандай аткарууга милдеттүү, алар адамдын баскан изин санап турат. Майда-чүйдөнүн баарына киришип, көрсөтмө берип турат. Психологиялык зөөкүр жакындарына акылга сыйбаган, логикасы жок эрежелерди таңуулашы мүмкүн, ошол үчүн жанындагы адамдардын башы маң болуп, эмне кылаарын, эмне ойлоноорун билбей калат. Мындай эзме адамдар өзүн башкалардан өйдө коёт, башкаларды атайын басынтып, кордоп, мокотуп турат. Эмоционалдык же психологиялык зомбулуктун бир катар белгилери бар. Мисалы:

  • Башканы дайыма күнөөгө жыгат;
  • Шеригине мамилеси катуу тийип капа болсо кечирим сурабайт;
  • Бакырып-өкүрүп орой мамиле кылат;
  • Куйтуңдап эки сүйлөйт;
  • Тоготпойт, киши катары көрбөйт;
  • Жалаа жаап, ак жерден күйгүзүп турат;
  • Ачуусун башкадан чыгарат;
  • Кемсинткен аттарды коёт;
  • Бир кезде айтып койгон сырыңызды кайра өзүнө каршы колдонот;
  • Эгер бирөө бир кезде ката же кемчилик кетирген болсо, аны такыр унутпай көзгө сайып, эскертип, бетине басып турат;
  • Маскаралап күлүп, сөгүп-сагат;
  • Мамилесин тез өзгөртөт;
  • Басмырлап, ар намысыңызга доо кетирип турат;
  • Берген убадасын аткарбайт;
  • Балдарды каршы кайрайт;
  • Эмне кылышты, эмне ойлошту айтып берип, таңуулайт;
  • Мындай кылсаң менден ажырап каласың деп коркутат.

Эгер үй-бүлөлүк мамиледе бул белгилердин көпчүлүгү бар болсо, ойлоно баштаганыңыз оң. Психологиялык зомбулукка кабылган адамдын абалы кандай болот?

  • Зөөкүрдүн жанында адам чөптөн жапыз, суудан тынч жүрөт;
  • Анын мамилесин дайыма актаганга аракет кылышат;
  • Зөөкүрдүн орой мамилесин улам жутуп алып, улам кайталанган сайын эч кандай кооптуу окуя болгон жок, бул жөн гана майда-чүйдө, казан-аяк кагышат деп өзүн жооткотуп, улам-улам кечире беришет;
  • Дос-курбулар, ага-туугандар менен катышпай, алыстап, көр жеменин көзүн карап калат;
  • Чүнчүп, дайыма өзүн күнөөлүү сезе баштайт;
  • Дайыма үрөйү учуп, санааркап күн кечирет, кечинде алы кетип, чарчап калат;
  • Ой-сезимдерин эч ким укпаганына, кызыкчылыгы түккө татыбаганына көнө баштайт;
  • Чыр-чатактан же шылдыңга калгандан коркуп, өз оюн ачык айта албай калат, чатактан качып баарына макул болот;
  • Бул дүйнөдө жалгыз калгандай сезет;
  • Финансылык жактан шеригине көз каранды болот;
  • Өзүн жоготуп, сырткы кабыгы эле калып, ички дүйнөсү каңгырап бош калгандай сезилет.

Бул белгилердин бир канчасы болсо, адамдын саламаттыгына абдан кооптуу. Коомдо буга маани берилбей, физикалык зомбулукту гана “даана зомбулук” деп эсептешет. Андай эмес. Жан дүйнө жанчылып, ичтен эзилип, унуткарам деп жүрүп ден соолукка доо кетиши мүмкүн. Психологиялык зомбулуктун кесепеттери психиканы катуу жаралап, адам катары ойлоно албай, толук кандуу жашай албай калышы мүмкүн. Эгерде адам психологиялык зомбулукка кабылганын баамдай баштаса, төмөнкүдөй кадамдарга баруу керек:

  • Өз пикирин ачык айтууга аракет кылуу.
  • Коргонуу үчүн өздүк чек араны бекемдөө.
  • Мажбурлаган сайын көнө берсе, өзүнө чыккынчылык кылган болот. Психологиялык зомбулуктан кутулуу үчүн колдон келген аракеттердин баарын жасоо зарыл.

Материал БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун алкагында даярдалды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
20.12.2021. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жанагы келин чай куйбайт,келин это не рабства деген НПО чулардын коцерти дагы башталган окшойтта! Аялдарды эркеке психологически жактан каршы кылмай. Этияттагыла! жакшы жашап жаткан жаштар,уй булолор силердин созунорго кирип ажырашып кетип атышат, балдарын жетим кылып!андан коро улгу боло турчу сабактарды чыгаргыла, жашоону алдыга тарта турган.
my_Opinion түзөттү 2021-12-20 12:38:51
20.12.2021. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зордук-зомбулука чыдап жүрө берген жерде зомбулук тез-тез кайталанып турат. Бул коомдук адат болуп калат.
Зордук-зомбулук эч качан көйгөйлөрдү чечпейт.

Үй-бүлөлүк зомбулук аялы күйөсүнө оңой баш ийүүдөн башталат.
Зордук-зомбулук – билимсиздердин акыркы аргументи.
22.12.2021. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куран менен жашасанар эки дуйно бактылуу болосунар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: