"Жумурткадан кыр издебегиле". Барпы айылынын аксакалдары президентти тосуп алганы боюнча кайрылуу жасашты
Сузак районунун Барпы айылында президенттин кортежи өтүп бара жатканда тургундар желек көтөрүп турганы боюнча сын айткандарга айыл аксакалдары жооп кайтарды. Бул тууралуу видеону социалдык тармактын колдонуучусу Өткүрбек Рахманов жарыялады.
Анда аксакалдар эл өзү президентти сыйлаганы үчүн жол жээгине чыгышканын айтып "жумурткадан кыр издебөөгө" чакырган.
"Урматтуу кыргыз эли, кечээки окуя боюнча туура эмес маалымат таратып жаткандарга айткым келет. Душмандыктын, көрө албастыктын дагы чеги бар. Биз чын көңүлдөн Садыр Жапаровду тосуп чыкканбыз. Президентти түбөлүк колдойбуз, иштерине ийгилик каалайбыз! Мурдагы президенттердин баары мындай иштерди аткарган эмес.
Жумурткадан кыр издеп жатасыңар.
Садыр Жапаров эл сени менен", - деген аксакалдардын бири.
Ошондой эле аксакалдар президент Садыр Жапаровдун жасап жаткан иштерин айтышты. Анда карапайым калкты жер салыгынан бошоткону, "Кумтөрдү" мамлекетке кайтарганы айтылат.
Маалымат үчүн:
Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаровдун кортежин жолдун эки тарабына тизилип тосуп алган жашоочулардын видеосу тараган. Ал эми президенттин администрациясынан учурда иликтөө жүрүп жатканын билдиришти.
кошулду
Барпынын аксакалдары кайрылуу жасады


Жашоодо эң коркунучтуу адамдар - булар кошоматчылар. Кошоматчылык – бул кулдардын стили. Кошоматчылыктын пайдасы жок. Душмандардын эң жаманы - кошоматчылар.
Адамды куру кошомат менен эмес, чын жүрөктөн акыл менен жеңиш керек.
Кумторду алдык деп болушунча маалымат бердинер да, эртеси Центерра голд Акылбек Жапаровдун айткан созун тогундоп, Центерра Кумтордон баш тартпаганын аз гана ММК чагылдырды.
Кыскасы элдин кобу кулагындагы лапшасы менен журот, Жапаровдун "ордокторуно" ишенип. Бул аксакалдар дагы, кулагындагы "лапшалар" менен журот.
Күмтөр боюнча бир сыр маалымат айтайын. Азыр кумтөрдө мурдакыдай айлык акы жок жумушчулар. Убакыт өткөн сайын жумушчулардын айлыктары азайып жатат. Кандайдыр бир тетиктер бузулуп калса, ар бир жумушчу өзүнүн чөнтөгүнөн сатып алмай.
Кана ошондо, Кыргызстан эмнени утту?!
Чыгып оз созун айтсын, каралап жамандабай да, подхалимдик кылбай да калыс созун айтуу кыйын беле ыя?!
Миллиарддарды уурдагандар биртке штраф толоп эле соттон бошонуп, артынан депутат болуусу акылга сыйгыс нерсе. Кытайда атууга кетчу адамдар, бизде депутат болуп жатат. Бул бийликтин бугунку коррупция менен курошуусунун бир эле мисалы.