super.kg logo

Кыз бала ата-энесинин мүлкүнө тең мураскор болууга укуктуу

 


Адатта биздин элде кыздарына мураска мүлк бөлүнбөйт. Үйлөрүн, машиналарын, дачаларын, болгон мал-мүлкүн эркек балдарына калтырышат, кыздары мураскор катары каралбайт дагы.

Ал эми мыйзам боюнча мураска калтырылган мүлккө эң биринчи кезекте балдары, жубайы, мурас берүүчүнүн ата-энеси, мурас калтырган адам каза болгондон кийин туулган баласы тегиз үлүшкө ээ.

Башкача айтканда, кыздар дагы уулдар сыяктуу эле мураска калган мүлктөн өз үлүшүн алууга укуктуу.

Кыздар турмушка чыгып же ата-энеден бөлүнүп кеткен учурда өз жер үлүштөрүн ата-энелерине же эркек бир туугандарына таштап кетишет. Илгертен калган адат боюнча жер эркектерге таандык. Бирок мамлекет тарабынан бөлүнгөн менчик жер үлүшүнө ээ болуу укугун айткандын же ал үчүн компенсация талап кылгандын эч уяты жок.

Илгертен калган адат менен жер эркектерге таандык деген стереотип аялдарды ого бетер артка тартып, алсыздандырып жатат. Айрыкча ар кыл зомбулуктарга каршы чыгып, өз укуктарын коргоого туура келген учурларда аялдар баш калкалар жери, тиричилик өткөрүп, нан табууга каражаты жок карайлап калышат. Натыйжада амалсыздан зомбулукка чыдап жашоого туура келет.

Төмөнкү шилтемеге кайрылып, мыйзам боюнча кимдин мураскорлукка укугу бар экендиги тууралуу кенен маалымат алса болот: https://law.journalist.kg/2021/04/30/nasledstvo/






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.12.2021. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манкалар,мурасты ислам негизинде юөлгөндү билесиңерби
21.12.2021. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекет тарабынан болунгон жер улушу боюнча соз болуп жатабы?
21.12.2021. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эн туура, закон боюнча кызбы уулбу баарысы бирдей имуществого ээ болуш керек. Ушуну коомго кобуроок информация жеткирип баланс кармаш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: