Бишкекте ортодон чыккан чырдан улам агасы инисин бычактап салган. Маркум ооруканага жетпей каза болду
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-декабрь күнү саат 21:33 чамасында Бишкек ШИИББине шаардагы ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда жаракаттан улам каза болгон жаран келип түшкөнү кабарланган.
Жерине Ленин РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, маалыматты тактаганда шаардагы көчөлөрдүн биринде ага-ини уруша кетип, агасы инисине бычак сайган. Шектүү инисин өзүнүн унаасына салып алып ооруканага алып келе жатканда эсине келбей каза болгон.
Маркум 1988-жылы туулган И.А. аттуу жаран болгон. Бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Ал эми шектүү катары 1980-жылы туулган А.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы каралып СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.



1 |