super.kg logo

Кызыл-Кыя шаарында уурулукка шектелип эки жаран кармалды

 

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында уурулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ушул жылдын ноябрь айынын аяк чендеринде белгисиз адамдар Кызыл-Кыя шаарынын Кыргыз көчөсүндө жайгашкан 67 жаштагы Х.М. аттуу жаранга таандык турак үйдүн эшигин бузуп кирип, 50 миң сом, Өзбек валютасындагы 500 сум акчасын, ичинде 40 миң сом болгон банктык картасын, ошондой эле алтын буюмдарын уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кызыл-Кыя ШИИБинин ыкчам кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын 19 жаштагы А.С. жана мурда сот жообуна тартылган 20 жаштагы М.М. аттуу тургундар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: