Кыргыз өлкөсү менен Грузия футзал боюнча беттешет
Грузиянын Тбилиси шаарында 21-22-декабрь күндөрү Кыргыз өлкөсүнүн жана Грузиянын футзал боюнча улуттук курама командалары жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз курамасы бул беттешти 2022-жылы өтө турган Азия Кубогуна даярдык катары өткөрүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы мелдешке даярдык көрүү үчүн 13-19-декабрда Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу, ошондой эле Азия кубогунун тандоо этабына даярдануу максатында футзал жыйынын өткөргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:41
2025-08-11

18:31
2025-08-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.