Өзбекстанда мектеп окуучуларына Жаңы жылдык иш-чараларга катышууга тыюу салынды
Өзбекстанда Жаңы жылдык майрамга карата уюштурулган кечелерге мектептин жогорку класстарынын окуучуларына катышууга тыюу салынды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү маалымат булактары жазды.
Анда жазылгандай, бул жылы Жаңы жыл майрамына арналган иш-чараларга башталгыч класстын окуучулары гана катыша алат.
“Билим берүү министрлиги тарабынан мектептерди жасалма балатылар жана оюнчуктар менен кооздоо үчүн ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынды. Бирок майрамдык жасалгаларды балдар өз колдору менен жасоого уруксат берилген. Башталгыч класстын окуучулары үчүн уюштурулган майрамдык иш-чаралар санитардык эрежелерди эске алуу менен окуу процессине тоскоолдуксуз, ата-энелер жана класс жетечилердин катышуусунда класстын ичинде гана өтөт”, - деп жазылат маалыматта.



1 |