super.kg logo

Дүйнөгө белгилүү араб миллиардерлеринин бири каза болду

 

Бириккен Араб Эмираттарында дүйнөгө белгилүү миллиардерлердин бири Мажид Аль Футтейм каза болду. Бул тууралуу БАЭнин премьер-министри Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум твиттер баракчасы аркылуу билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

"Аллах Дубайдагы эң маанилүү жана кадыр-барктуу соодагерлердин бири болгон Мажид Аль Футтейм агабызга берекесин берсин. Аны өзүнүн кең бакчасына алып, үй-бүлөсүнө жана жакындарына сабыр берсин..." - деп жазган ал.

Мажид Аль Футтейм Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн мейманкана жана соода борборлорунун ээси болгон. Ал 1992-жылы Дубайда "Majid Al Futtaim Holding" аталышындагы оюн-зоок жана чекене баада соода жүргүзүүчү компаниясын негиздеген. Аталган компания өзүнө 13 мейманкана жана 29 соода борборун камтыйт.

"Forbes" журналынын 2021-жылдагы маалыматына ылайык, ал араб дүйнөсүндөгү бай адамдардын арасында 3-сапка жайгашкан. Анда Мажид Аль Футтеймдин кирешеси 4 миллиард 300 миллион доллар экени жазылган.

Азырынча миллиардер канча жашта болгону жана өлүмүнүн себеби тууралуу маалыматтар ачыктала элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
21.12.2021. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өлүм алдында баарыбыз бирдей,сен бай сен кедей дебейт өлүм периштеси, убакыт келгенде баарыбыз оо дүйнөгө сапар тартып кетебиз,ошол күндү жөн эле күтпөй Кудайга кулчулук кылып намаз окуп жаман иштерден алыс болуп жакшы амалдарды аткаруу милдетибиз
21.12.2021. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Араб сакалы жок эле жүрөт,биздин балдар эчкинин сакалындай кылып атасынан мурун сакал коюп алышат сүнөт деп бул киши пайгамбардын тууганы экен.
21.12.2021. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jelezo, туптуура айттыңда
21.12.2021. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jelezo, Бул кишинин Мажид Аль Футтейм, тиби ушундай (Сакалы жок типке кирет) Араптардын 90 пайызында сакалы бар. Биздин кыргыздардын арасында да сакалы жоктор дал ушундай сыяктуу эле. Сакалды койгон киши озуно тарта турган кылып, шампундап туруу керек! Атасынан мурун сакал коюуу деген бизде тушунук туура эмес. Кээ бирлердин тиби туктуу болушат алар 2 кун албай койсо осуп кетет ошон учун адамдын тибине да маани бериш керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: