Криштиану Роналду Канар аралдарында жанар тоонун атылышынан жабыркагандарга жардам берет
"Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу Криштиану Роналду Канар аралдарынын бир бөлүгү болгон Пальма аралындагы Кумбре-Вьеха жанар тоосунан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн футболкасын аукционго койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аукцион 24-декабрда өтөт. Андан түшкөн каражаттын баары жабыркагандарга жардамга жумшалат.
"Жадакалса жанар тоонун күчү да Пальмага тең келе албайт. Мен кооз аралды колдойм", - деп жазган футболчу сатыкка койгон футболкасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.