Футзал: Кыргыз курамасы Грузияны жеңип алды
Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Тбилиси шаарында Грузия курама командасына каршы ойноп, 2:1 эсебинде жеңип алды.
Кыргыз курамасынан голдорду Шохрух Махмадаминов 13 жана 18-мүнөттөрдө киргизди. Ал эми каршылаштардан Ираклий Тодуа жаратты.
Эртең, 22-декабрда Кыргыз курамасы Грузияга каршы экинчи жолдоштук беттешин өткөрөт.
Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы мелдешке даярдык көрүү үчүн 13-19-декабрда Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу, ошондой эле Азия кубогунун тандоо этабына даярдануу максатында футзал жыйынын өткөргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.