UFC: Валентина Шевченко Кочкорго барып көк бөрү көрдү (видео)
UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Нарын облусунун Кочкор районуна барып көк бөрү көрдү. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Валентина Шевченко Көк-Жар айылында маркум журналист Улан Эгизбаевдин жаркын элесине арналган көк бөрү боюнча мелдештин финалдык оюнун барып көргөн. Аталган мелдешке Нарын облусунан жалпы 10дон ашык команда катышып, Соң-Көл командасы жеңүүчү аталган.
Валентина Шевченко Кыргыз өлкөсүнө 22-ноябрда келген. Ушул убакыттан бери мушкер айым Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүп, Бишкек жана Ош шаарларында күйөрмандары менен жолугууга жетишти.
Валентина Шевченко көк бөрү көрүү үчүн Кочкорго барды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.