super.kg logo
  Спорт  

Усэйн Болт менен Шелли-Энн Фрэйзер-Прайс "Жылдын мыктылары" деп аталышты

 
Эркектер арасында жыл мыктысы болуп Усэйн Болт аталса, кыз-келиндер арасында Шелли-Энн Фрэйзер-Прайс сыйлык ээси болду.
Алыстыкка секирүү боюнча белгилүү болуп калган америкалык Дуайт Филлипс да жыл мыктыларынын катарына кирди.
Дагы бир америкалык жөө күлүк Мэри Кэйниз спорт дүйнөсүн жаңы багындырып баштаган жылдыз катары сыйлыкка арзыды.
Орусиялык жеңил атлет, шыргый менен секирүү боюнча Моквада өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын тагынган Елена Исинбаева сыйлыксыз калган жок. Ал мыкты карьерасын улап келе жаткандыгы үчүн атайын сыйлыкка арзыды.

Кечээ, 17-ноябрда Франциянын Монако шаарында Эл аралык жеңил атлетика федерацияларынын ассоциациясынын жыл мыктыларына сыйлык тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу аталган ассоциациянын расмий сайты билдирет. 

Маалыматка ылайык,  “Жылдын мыкты спортчусу” наамына айымдар арасында жана уландар арасында Ямайка курама командасынын мүчөлөрү Усэйн Болт менен Шелли-Энн Фрэйзер-Прайс ээ болушту. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.11.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болтко тан калдым жэнилгенин коро элекмин акыр 5 жылдан бери
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: