super.kg logo

О! Мобилдик оператору Жаңы жылдык майрамдарга карата түйүндү кеңейтүүдө

 

Майрамдардын алдында О! компаниясынын инженерлери “добуштун” көбөйтүлгөн көлөмүн жана интернет-трафикти жолтоосуз өткөрүү үчүн инфраструктуранын элементтерин кеңейтүү боюнча кошумча жумуштарды аткарышты. Баш калаа менен ири шаарларда гана эмес, узак жайгашкан айылдарда да жашаган миллиондогон кыргызстандыктар үчүн 4G LTE стандартынын базасында байланыш кызматтарын көрсөтүү жакшыртылды:

  • Чүй облусу: Бишкек, Токмок жана Кант шаарларында, Орловка шаар тибиндеги кыштакта, Военно-Антоновка, Новопокровка, Садовое, Сокулук, Он бир-Жылга айылдарында;
  • Ысык-Көл облусу: Каракол шаарында, Теплоключенка, Туура-Суу, Балбай, Боз-Булуң, Отрадное, Долон, Кош-Дөбө, Барскоон айылдарында;
  • Талас облусу: Талас шаарында, Биринчи Май, Боо-Терек, Балбал, Козучак айылдарында;
  • Нарын облусу: Нарын шаарында, Баш-Кайыңды, Ат-Башы, Акжар, Кызыл-Дөбө, Мантыш, Большевик, Таш-Башат, Кайыңды, Ак-Кыя, Алыш, Ак-Моюн айылдарында;
  • Ош облусу: Ноокат шаарында, Аю-Тапан, Правда, Кыдырша, Таштак, Янги-Абад, Кыргыз-Ата, Интернационал, Кара-Таш, Нойгут, Кожоке, Жийде, Көчүбаев айылдарында;
  • Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад, Токтогул, Көк-Жаңгак шаарларында, Пригородное, Чөкө-Дөбө, Саргата, Бүргөндү, Рахманжан, Ничке-Сай, Алмалуу, Толук, Ноот, Чек, Чоң-Багыш, Октябрь, Арал, Төш айылдарында;
  • Баткен облусу: Сай, Сырт, Чет-Кызыл, Көк-Таш, Самат, Мырза-Патча, Жеңиш, Алга, Маданият, Таян, Разъезд, Андарак, Кулунду айылдарында.

"Кээде күнү-түнү жана дем алышсыз жүргөн О! компаниясынын техникалык командасынын инженерлеринин жумушу быйыл жүздөгөн жаңы базалык станцияларды курууга жана О! түйүнүнүн сыйымдуулугун 30 пайызга көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул бүгүнкү күндө О! түйүнүнүн жетиштүү сыйымдуулук менен ишенимдүүлүккө ээ экендигин жана Жаңы жылдык майрамдарда гана эмес, жыл бою трафиктин көбөйүүсүнө даяр экендигин ишенимдүү белгилөөгө шарт түзөт", – деп белгиледи О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

О! Мобилдик оператору – Кыргызстандагы 4G/3G/2G түйүндөрүн камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидери. О! түйүнү өлкөнүн 99%дан ашуун калктуу аймагын камтыйт.

Камтуу картасы www.o.kg сайтында жеткиликтүү. Компаниянын операторлору менен Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарында жеке билдирүүлөр аркылуу байланышса болот. Социалдык медиадан тышкары, О! абоненттерин күнү-түнү колдоо кызматтары да жеткиликтүү: WhatsApp: + 996 705 700 700, Telegram: @o_mobile_operator_bot жана www.o.kg сайтында онлайн-чат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: