super.kg logo

Чемпиондорду - "Керемет Банктын" волейбол боюнча курама командасын куттуктайбыз

 

Өткөн жекшеби күнү «Керемет Банктын» волейбол боюнча курама командасы эркектер арасында уюштурулган «Кыргызстан банктарынын Кубогу - 2021» банктар аралык турнирдин жеңүүчүсү деп табылды.

Оюндун жүрүшүндө финансылык-насыялык уюмдардын мыкты оюнчу-кызматкерлеринен түзүлгөн алты кубаттуу курама команда күч сынашып, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аянтчасында беттешишкен. Тандалма оюндардын жүрүшүндө турнирдин эки кубаттуу командасы аныкталып, алар атап айтканда - «Керемет Банктын» жана «Оптиманын» курама командалары финалда өз ара күч сынашкан.

Оюндун жүрүшүндө эки команданын тең оюнчулары жеңишти алдырып жибербөө үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшашты жана беттеш оңойго турган жок.

Ошентип оюндун жыйынтыгында «Керемет Банктын» курама командасы татыктуу түрдө жеңишке жетишип, 2:1 эсебинде атаандашын утуп алды.

«Керемет Банктын» волейбол боюнча жеңүүчүлөрү Кадыралиев Уланбек, Асизбаев Канат, Джусупбеков Айбек, Жапарбаев Исламбек, Исаев Тимур, Кожобеков Ринат, Куренкеев Эдиль, Акматов Эрнист, ошондой эле «Керемет Банк – Кадамжай» филиалынан келген кесиптешибиз - Имарали уулу Данияр турнирдин жүрүшүндө төмөнкү кызматкерлер мыкты оюнчулар катары таанылышты: «Мыкты пас берүүчү» - Кадыралиев Уланбек – Мүлк менен иштөө боюнча бөлүмдүн начальниги «Мыкты оюнчу» - Имарали уулу Данияр – Кызыл-Кыя шаарындагы «Керемет Банктын» сактык кассасынын насыялоо бөлүмүнүн адиси дем алыш экендигине карабастан өз кесиптештерин колдоо менен «Керемет Банктын» күйөрмандары дагы бир ирет иште гана эмес, спортто дагы ынтымактуу экендигин көрсөтө алышты.

«Керемет Банктын» волейбол боюнча курама командасын татыктуу жеңиши менен куттуктайбыз жана албан-албан ийгиликтерди жарата берүүлөрүнө тилектешпиз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: