super.kg logo

Фотоальбом: Чекеге көкүл койгон улан кез, кара каштуу жалындуу жаштыгы, бото көз бийкечти сүйгөн алтын курак... Өмүрбек Текебаевдин сүрөттөрүнө саякат

 

Биздин "Фотоальбом" рубрикабыздын бул жолку каарманы карапайым мугалимден Жогорку Кеңештин төрагалык кызматына чейин жеткен саясатчы, "Ата-Мекен" социалисттик партиясынын төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаев болмокчу.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев бүгүн 63 жашка толду.

Өмүрбек Текебаев 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү.

1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин бүтүргөн.

1994-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Карапайм мугалимдиктен депутаттыкка карай...
Эмгек ишмердүүлүгүн 1981-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Токтогул атындагы орто мектепте физика мугалими болуп иштөөдөн баштаган.
* 1981-жылдын ноябрь айынан тартып 1983-жылдын декабрына чейин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1984-жылы армиядан кайткан соң ошол эле Токтогул айылындагы №5 орто мектебинде мугалимдик кесибин уланткан.
*1986-жылдын апрелинен тартып 1987-жылдын октябрь айына чейин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда лаборант, андан соң улук лаборант болуп иштеген.
* 1987-1991-жылдары физика жана математика мугалими болуп орто мектепте иштеген.
* 1991-жылдын апрель айынан тартып Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында Антимонополдук жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча башкармалыгында иштеген.
* 1991-1992-жылдары СССРдин Жогорку Кеңешинин мүчөсү, Республикалык Кеңештин Юридикалык суроолор боюнча комитетинин мүчөсү болуп Москва шаарында иш өтөгөн.
* 1992-жылдын аягынан тартып 1994-жылдын февраль айына чейин Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;
* 1994-жылдын ноябрь айынан тартып “Ата-Мекен” саясий социалистик партиясынын төрагасы болуп иштеп келет.
* Кыргыз ССРинин XII чакырылышынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын I жана II чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
* 2000-2001-жылдары Жогорку Кеңештин II чакырылыштагы Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары болуп иш алып барган.
* 2002-жылы Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары болуп дайындалат.
* 2005-жылдын март айында №26 Акман шайлоо округу боюнча депутат болуп шайланган, андан кийин төрагалык кызматты аркалаган. Ошол эле жылы Конституциялык кеңешменин төрагасы болуп дайындалат.
* 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланса, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына депутат болгон.
Өмүрбек Текебаев апасы менен
Саясатчы кечээ социалдык тармакта апасын эскерип пост жазган. "Туулган күнүм менен баарынан биринчи апам телефон чалып куттуктайт эле. Менин туулган күнүмдү чыдамсыздык менен күтүп, куттуктаганга шашкан адам апам эле. Анысын билип, мен да апамдын звоногун күтөт элем. Эртең андай звонок болбойт. Билсем да андай звонокту күткүм келет. Эми туулган күн мага мурункудай мааниге ээ болбой калды", - деген билдирүү калтырган.
Үй-бүлөсү
Жубайы Айгүл Текебаева. Саясатчы 4 баланын атасы: уулдары Амантур, Эсентур, кыздары Айданек, Айсара.
Сыйлыктары
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи.

КМШ өлкөлөрүнүнү парламенттер аралык ассамблеясынын "Содружество" ("Кызматташтык") ордени, II даражадагы "Манас" ордени, "Апрель элдик революциясынын баатыры" төш белгисинин ээси.

22-декабрга карата жылнаама.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
22.12.2021. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Орноктуу омур каалаймын!!!
22.12.2021. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туулган күнүңүз кут болсун,бар болуңуз.
22.12.2021. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кыргызстанда бир эле күчтүү саясатчы болсо ал Текебаев!
22.12.2021. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роберт де Ниро го окшош экен жаш кезинде
22.12.2021. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызстанды бир канча жылга артка тарткылаган саясатчы!
22.12.2021. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Хеппи бёзде, Өмүрбек Чиркешович!Всех благ!
Marni түзөттү 2021-12-22 23:49:48
22.12.2021. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстандын онугушуну каалабаган Теке
23.12.2021. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Теке жок болгондон Кыргызстан эчак өнүккөн өлкө болмок оо
23.12.2021. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Партиялык шайлоо дегендин артында канчалаган иринди чиринди, болунуп жарылуу, акылга сыйгыз жоруктуу депутаттардын бийликке келишине себепчи болгон ушул Текебаевдин эмнеси урматка татыктуу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: