super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мамашова Кодуранова менен Карамушкина боюнча комиссиянын ишмердүүлүгүн узартуу боюнча чечим кабыл алынганын айтты

 

Депутат Айсулуу Мамашова Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина боюнча комиссиянын ишмердүүлүгүн узартуу чечими кабыл алынганын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина боюнча комиссиянын ишмердүүлүгүн узарталы деген чечим кабыл алдык. Башкы прокуратураны чакырууну суранабыз. Бүгүн комиссиянын жыйынында бул маселени бүтүрөлү деп жатабыз", - дейт Мамашова.

Жогорку Кеңештин төрайымынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева прокуратурадан сунуштама келиши керектигин эскертти.

Кой-Таш окуясы боюнча 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаев бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: