super.kg logo

Анапада өткөн кинофестивалда Болот Тентимишов “Мыкты эркектин ролу” номинациясын жеңип алды

 
Анапада өткөн "Киношок" - КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн ачык орус кинофестивалында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишов “Мыкты эркектин ролу” номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 22-декабрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишовго Анапада өткөн "Киношок" - КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн ачык орус кинофестивалында мыкты эркектин ролу номинациясын жеңип алгандыгы үчүн фестивалдын статуэткасын жана дипломун тапшырды. Болот Тентимишов бул ролду Эмил Атагелдиевдин “Көл” (Озеро) толук метарждуу тасмасында мыкты эркектин образды ачып бергени үчүн ыйгарылган.
Болот Тентимишов Н.Черкасов атындагы Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун (Дмитрий Астрахан жана Ольга Волкова жетектеген группада) аяктаган. Учурда Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук орус драма театрында эмгектенет.
Министр Азамат Жаманкулов Болот Тентимишовго сыйлыкты тапшырган соң, келчектеги пландар менен ой бөлүшүп, ата мекендик кино тармагын жаңы бийиктиктерге көтөрүү үчүн бирглекте иш алып барууга, Кыргыз өлкөсүндө тартылган кинолорду чет элдик ири кинофестивалдага алып чыгуу, мамлекеттик буюртманын негизинде кино тартуу сындуу бир катар маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле министр Азамат Жаманкулов талкуунун жүрүшүндө чыгармачылык менен байланышкан бардык тармактар, анын ичинде кино индустриясы калкка руханий жактан азык берүүгө өбөлгө түзө тургандыгын айтып, кино өндүрүү боюнча жаңы долбоорлорду күтө тургандыгын билдирди. Мындан сырткары маданият жаатында, анын ичинде кино тармагын өркүндөтүү боюнча бир катар стратегиялык документтер даярдалып жаткандыгын кошумчалады. Жолугушууга “Көл” тасмасынын продюсери Эрке Жумакматова да катышты.
Аталган фестиваль 1992-жылдан бери Анапада жыл сайын өтүп келет жана Орусиядагы эң ири кинофестивалдардын бири. Фестиваль быйыл юбилейлик 30 жылдыгын белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(3)
22.12.2021. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен баалаган эң мыкты актёр,Болот аке ишиңизге ийгилик!!!
23.12.2021. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мыкты актер
23.12.2021. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ураа. Жеңиш куттуу болсун, Болот мырза!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: