Иммунолог омикрон штаммынын белгилерин атады
Аллерголог-иммунолог Владимир Болибок коронавирустун омикрон штаммынын мүнөздүү белгилерин атады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
"Омикрондун эң мүнөздүү симптому - бул өтө айкын баш оору жана күтүлбөгөн жерден алсыздык, күч жоготуу", - деп түшүндүрдү Болибок.
Дарыгер COVID-19дун бардык варианттары үчүн 70тен ашык симптомдор сыпатталганын, бул бейтаптардагы штаммды так аныктоодо көйгөй болуп жатканын баса белгилеген.
"Алар ар кандай штаммдарда кайталанат, бирок кээ бир симптомдор кээ бир түрлөрүндө айкыныраак, кээ бир белгилери башкаларында көбүрөөк байкалат", - деп түшүндүргөн дарыгер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.