"Таанышы болгон". Санкт-Петербургда 24 жаштагы Өзбек жараны өзүнөн 16 жаш улуу Кыргыз жаранын зордуктоого шектелүүдө
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Өзбекстандан барган мигрант таксист Кыргыз жаранын зордуктады деп шектелүүдө. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 40 жаштагы аял зордуктады деп шектелген 24 жаштагы өзбекстандык жигит менен тааныш болгон. 21-декабрь күнү аял мас абалында анын унаасына отурган. Шектүү унааны белгисиз жерге айдап барып, аялды зордуктап, андан кийин Фонтанки көчөсүнө таштап кетип калган.
Бир нече сааттан кийин шектүү полиция бөлүмүнө жеткирилген. Биринчиден, ага карата Орусияда жүрүү режимин бузгандыгы боюнча протокол түзүлгөн. Андан кийин зордуктоо боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү учурда камакта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nazira...

22.12.2021. 18:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Арак ичпегенде мындай иш болмок эмес, аял адам тем боле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.