super.kg logo

"Кыргыз өлкөсүнөн өз өлкөбүзгө киргенде уялдык". Караколго келген казакстандык туристтер карга тыгылып калышты

 

Коңшу Казакстан Караколго лыжа тепкени келген туристтер кайра кетип бара жатып карга тыгылып калышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жетыбаев атуу Казак жараны үй-бүлөсү менен Каракол лыжа базасында эс алып, андан кийин Казакстанга "Кеген-Каркыра" өткөрмө бекети аркылуу кетүүнү чечишкен. Себеби ал жак менен жол кыска жана табият кооз болчу. Бирок көзөмөл пунктунан өткөндөн кийин алардын унаасы карга тыгылып калган.

"Караколдон чек арага чейин бир жарым саат жол жүрдүк. Анда жол таптаза, сонун болчу. Биз көзөмөлдөн өтүп, өз мекенибизге киргенден кийин жолдун таза эместигин көрүп, уялдык. Өткөрмө пункттан алысыраак жерде эки унаа тыгылып калыптыр. Менин унаам жол тандабас болгондуктан мен аларды чыгарам деп ойлогом. Бирок менин дагы унаам карга тыгылды. Канчалык аракет кылбайлы натыйжа болгон жок. Күчүбүз түгөнүп, кар күрткүсүнөн чыгабыз деген үмүтүбүз үзүлүп калганда Өзгөчө кырдаалдар министрлигин чакырууну чечтик. Ал убакта төрт унаа бар болчу. Анын ичинде 15 адам, алардын төртөө балдар болчу", - деген Жетыбаев.

Ал эми Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бул окуя боюнча чалуу түшкөнүн, дизелдик кыймылдаткыч тоңуп калгандыктан учурда кар тазалоочу техника иштебей жатканын айткан. Бирок алар жакынкы убакта унааларды чыгарууга убада беришкен.






Караколго келген казакстандык туристтер карга тыгылып калышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.12.2021. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Неужели. Ушундай да болот экен ээ)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: