super.kg logo

Рамзан Кадыровдун Эрдоганды коркутуусу Түркияда чоң резонанс жаратууда

 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Түркиянын Кожаэли провинциясында Жохар Дудаев атындагы сейил бактын ачылышына кескин реакция кылып, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга кайрылуусу Түркияда кеңири резонанс жаратууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Рамзан Кадыров өзүнүн телеграм-каналында Чеченстандын биринчи президенти Ичкерия Дудаевди миңдеген жай тургундардын өлүмүнө катышкан террорист деп атаган. Буга байланыштуу сейил бак ачылгандан кийин ал Анкараны “террорчуларды колдойт” деп айыптаган.

"Мен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга ачык кайрылам: бир чечимге кел! Же террористтерди ачык колдогон мамлекет статусун аласың же ишенимиңди өзгөртпөстөн Орусия менен ачык-айкын жана чынчыл мамилени жакшыртасың", - деп жазган Чеченстандын башчысы.

Буга жооп кылып Кадыров "Күрдистан" жумушчу партиясынын негиздөөчүсү, Түркиянын түрмөсүндө өмүр бою эркинен ажыратылган Абдулла Ожаландын атын Грозный шаарында түбөлүккө калтырам деп коркуткан.

Мындан улам Түркиянын бир катар ЖМКлары Кадыровдун сөзүн коркунуч катары баалап, "Күрдистан" жумушчу партиясынын лидери Абдулла Ожаланды “террорист” деп атаган.

Өз кезегинде Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков түрк бийлигинин Дудаевдин атын сейил бактардын бирине ыйгаруу чечимин Чеченстандын тургундары үчүн оор деп атаган.

"Бул Кадыровдун абдан эмоционалдуу, бирок түшүнүктүү реакциясы. Түркиядагы сейил бактардын бирине террористтин ысымы ыйгарылган. Албетте, бул бардык Чечен Республикасы үчүн өтө оор көрүнүш. Ошондуктан мындай эмоционалдык реакцияны түшүнсө болот", - деген Песков.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(16)
23.12.2021. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Рамзан көөдөнүң сокур болуп, рфнын чыныгы шакалы болуптурсуң.
23.12.2021. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
BISHKEK-312,
Рамзан өзү экстримист экенин мойнуна алыш керек. Качан болсо коркут үркүтүп жүргөнүн койбойт
23.12.2021. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Джохар Дудаев чыныгы патриот генерал,Ичкериянын биринчи президенти
23.12.2021. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
KaGaH, Тарыхын бираз жаза кетчи, мен тааныбайт экем ал генералды. Рф аныда патриот болгону үчүн саткын деп пропагандалаганбы?!
23.12.2021. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
BISHKEK-312,кыргыздар бироонуу жалаган боюнча биринчи местада !биз турк тилдуу элбиз!
23.12.2021. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Zynk,кыргыздар түрктөрдөн мурда жаралган эл, анан ошондо биздин тил түрк тилдүү болуп калабы? Тарыхты талдагыла анан сүйлөгүлө. Бирөөнүн түрк тилдүү элбиз деп кошоматчылыгынан эле айтылып калган сөзүн бетиңерге тута бербей
24.12.2021. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nargiz-sa, тарыхты жакшы билет окшойсуз. Балким тең эле жаралган эл чыгар.
23.12.2021. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
BISHKEK-312,1991 жылы Чеченстанды көз карандысыз кылам деп Оруссия менен согушкан,1 чи чечен согушунда орустарды жеңип чыккан,чеченстан 5 жыл көз карандысыз болуп турган Дудаевдин тушунда,1996 жылы Дудаев спутниковый телефон менен сүйлөшүп жатканда орустар самонаведенный бомба таштап истребител менен өлтүрүшкөн,сигналын кармап,,ал ар убак 3 мүнөт эле сүйлөшчү экен өзү,бирок ошол күнү 7 минут сүйлөшүптүр Ельцин менен, мүмкүн Ельцин атайын убакытты созгон сигналды кармаганча ФСБ менен ГРУ
KaGaH түзөттү 2021-12-23 20:33:34
24.12.2021. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KaGaH,Даа, негизи рф патриотторду чыккынчы деп эле өлтүрө бергенда. Рамзан точне өзү саткын, чыккынчы блин!!!
23.12.2021. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Дудаев татыктуу андай сыйга. Дуданв ким да Рамзан ким. Рамзан Текебаевге оокшоп жатат.
23.12.2021. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Рамазан Кадыров озун тазза эле сезчи болду каалаган кишисин корутат каалаганын кылат
23.12.2021. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дудаев ичкерияны толук көз карандысыз кылам деп жүрүп жан берген патриот
23.12.2021. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эрдоган жана башка мусулмандардын бир кожоюну бар ал Аллах.
Рамзандын эки кожоюну бар. Путин анан Аллах.
Рамзан рамкадан чыгалбайт. Путиндин лайка күчүгү.
Такси кылып жүргөндө кидала кылган, тоногон бүт чечендер эле.
Мен канча мушташтым алар менен.чечендерге Сразу айтам биз кыргыздар Кудайга түз кулчулук кылабыз түз сыйынабыз, а силер биринчи Путинге сыйынасынар анан Кудайга сыйынасынар ,ошондо да Путин уруксат берсе дейм. Чычалап көп мушташтым.
23.12.2021. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дудаев Ичкериянын чыныгы мекенчил уулу жана сыймыгы. Ичкериянын коз карандысыздыгы учун жанын берген жол башчысы...

Ал эми Рамзан Кадыровдун атасы саткын болгон. Рамзан атасынын жолун жолдогон саткын, Путиндин клоуну.......
23.12.2021. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул сөздү Рамзан жөн эле койсо болмок да. Өзү Путиндин аркасында жашынып жүргөнү менен иши жок бирөөгө сын айтканды ким коюптур буга. Ооба мусулманбыз дейт бирок орустардын сызган сызыгы менен жүрүшөт ко. Биздин депутаттардай эле болуп ызылдап көрүнгөн жерге мурдун тыгып эле жүрөт же колунан пок келбейт. Путинге жашынбай өз башы менен болсунчу түрктөр улак тартып койсун.
24.12.2021. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рамзан Кадыров Путиндин Аркасын жалайта Ошол Жохар Дудаев Эркин Мамилекет Болобуз Эркиндике чыгабыз деп Шейит кеткен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: