super.kg logo
  Саясат  

2010-жылы улутташтырылган “Достук” пансионаты Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда калды

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети бүгүн, 18-ноябрда Ысык-Көлдөгү “Достук” пансионатын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине эмес, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагында калтыруу чечимине келди. Аталган фонддун төрагасы Айбек Осмоналиевдин айтымында, 2010-жылы улутташтырылган “Достук” пансионатын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине берүү үчүн алгач жеке менчикке сатыла турган мүлктөрдүн тизмесинен чыгарып, мамлекеттин карамагында калтырыла турган мүлктөрдүн тизмесине киргизүү кажет. Ал үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек.

Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов Катардын Жаштар жана спорт министрлиги менен “Достук” пансионатын кайрадан заманбап таризде куруу макулдашылганын айтты. Эс алуу жайынын жарымы кыргыз жаштарына спорт менен машыгуу үчүн берилет, ал эми жарымын Катар тарап өздөрү убактылуу пайдаланат. Министрдин айтымында, инвестициялык каражаттан сырткары 350 жаңы жумушчу орун түзүлмөкчү.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жакында аукцион аркылуу сатылган, 2010-жылы улутташтырылган Як-40 учагын “Манас” аэропортунан кайра алып, жеке менчикке өз наркына сатуу тапшырмасы берилди. Анткени «Манас» аэробекети мамлекеттик ишкана болуп саналат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: