super.kg logo

"Керемет Банк" "Элкарт" улуттук төлөм тутумунун өнүгүүсүнө кошкон салымы ыраазычылык менен белгиленди

 

"Банктар аралык процессингдик борбор" ЖАКы ("Элкарт" улуттук төлөм тутумунун оператору) 2021-жыл үчүн жыйынтыктарын чыгарып, "Керемет Банк" ААКнын узак мөөнөттөгү кызматташтыгы жана "Элкарт" улуттук төлөм тутумунун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык менен белгиледи.

Рынокто иштеп келген мезгил аралыгында 850 компания улуттук төлөм тутумдары базасында өзүнүн эмгек акы долбоорлорун тейлөөгө алууну "Керемет Банк" ААКсына ишенип тапшырып берген, ал эми бүгүнкү күнгө карата банк 65 000 "Элкарт" картын тейлеп келет, алардын саны күн санап өсүп, сунушталган кызматтар болсо жакшырып жатат.

Өзүнүн өндүрүмдөрүн санариптештирүүгө ыкташтырган "Керемет Банк" ар дайым заманбап технологияларды киргизүүгө умтулуп келет, ошондуктан өлкөдө эң алгачкылардан болуп NFC базасында контактсыз "Элкарт" карттарын чыгарууну нукка сала алган.

NFC (Near Field Communication) – аны терминалга салбастан, 10 сантиметр аралыкта кармоо менен соода-сервистик ишканаларда банктык карттар менен эсептешүүгө мүмкүндүк берген контактсыз төлөмдөр технологиясы. Ал учурда карттын номери тууралуу маалыматтар шифрленген нукта окулуп, башка жактарга берилбейт.

Ал эми "Керемет Банк" ААКы менен "Банктар аралык процессингдик борбор" ЖАКнын биргелешкен долбоорунун артынан жана "ЭЛКАРТ Мобайл" мобилдик тиркемесинин банктын кардарларынын базасы менен интеграциялануусунан улам, өлкөнүн бардык банктары тарабынан чыгарылган "Элкарт" улуттук карттары менен банктык операцияларды жүзөгө ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылган. Долбоордун артынан "Элкарт" улуттук төлөм тутумунун кайсы болбосун катышуучусу 24/7 ыргагында "Керемет Банктын" кардарларынын аманаттарын, эсептешүү эсептерин же карт эсептерин толуктап, ошондой эле акча которууларды ишке ашырып жана насыяны дагы төлөй алат.

"Керемет Банкта" тейленүүгө алуу тууралуу суроолорду күнү-түнү иштеген контакт-борбордон (0312) 55 44 44 номерине чалып, (0557) 55 44 44 номериндеги WhatsApp тутумуна жазып же болбосо расмий чат аркылуу ала аласыздар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: