super.kg logo

Сумаянын өлүмүнө шектелген жаран алгачкы суракта бул ишке эмне себептен барганын айтты

 

Бүгүн, 23-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелип Сузак районунун тургуну1973-жылы туулган У. А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция учурда тергөө ишин жүргүзүүдө. Алгачкы суракта шектүү бул ишке барганынын себебин акча менен байланыштырып "акча талап кылайын дегем" деп жооп берген.

Учурда тийиштүү кызмат шектүү мурда баңгизатын колдонгон же колдонбогонун териштирүүдө деп билдирет басма сөз катчы.

Буга чейин Сумая Хосилжанованын атасы Уткирбек Сулайманов кылмышка шектелип кармалган адамды тааныбай тургандыгын ага байланышканыбызда билдирген.

Маалымат үчүн:

Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, 27-ноябрда жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголду.

Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнатына 10 миңден ашуун адам катышкан. Анын сөөгү Сузак айылынын Кайрагач мазарына жерге берилген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.12.2021. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Коркутуп эле мойнуна алдырып койгондой корунуп атат.Чындап ошондой болгон болсо,Аллах алдында,да турмодода жазасын алсын.
23.12.2021. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суротун ачык элэ корсоткулода мындайларды
24.12.2021. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын у.а деп кыскартпай сүрөтүн ачык эле чыгарып коё берсеңер болбойбу. Бул акмактардын бетин неге жашырышат түшүнбөйм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: