super.kg logo

Владимир Путин Орусиянын быйыл дан эгиндерин экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Кыргыз өлкөсүнө пайдасы тиеби?

 
23-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин маалымат жыйын өткөрүп журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Жыйындын алкагында ал быйылкы жылдагы дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү Орусия өлкөсүн гана камсыздабастан, экспорт кылууга дагы мүмкүнчүлүк бере турганын айтты.
Анын айтымында, Орусиянын экономикасы пандемиянын кесепеттерин дүйнөдөгү башка өлкөлөрдүн экономикасына салыштырмалуу жеңилирээк кабыл алып, оңоюраак калыбына келип жатканын белгилейт.
Жылдын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын көлөмү 4,5 пайызга өсөрү күтүлүүдө.
"Аба ырайынын шартына байланыштуу дан эгиндеринин түшүмү былтыркы жылга салыштырмалуу азыраак. 2020-жылы 133,5 миллион тонна болсо, быйыл 123 тоннага жетти. Ошентсе да бул жакшы жыйынтык. Демек, биз экспорттой алабыз", - деген Владимир Путин.
Айта кетсек, Кыргыз өлкөсү буудай импортунан көз каранды. Ушул жылдын 10 айында 158,5 миң тонна буудай импорттосо, анын 69 тоннасын Орусиядан сатып алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: