super.kg logo

Сумаянын өлүмүнө шектүү жаран психиатриялык ооруканага өткөрүлдү

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелген жаран мурда психоневрологияда дарыланганы аныкталды. Бул туурасында SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Сумаянын өлүмүнө шектелип Сузак районунун тургуну, 1973-жылы туулган У.А. 22-декабрда кармалган.

"Шектүү суракка алынып, күнөөсүн моюнга алып иштин жагдайын көрсөткөн. Тергөөнүн жүрүшүндө ал Жалал-Абад облустук ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарылангандыгы аныкталды.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 186-беренесинин ("экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу") негизинде шектүүгө карата 23-декабрда соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынын эксперттерине тапшырылды", - дешти басма сөз кызматынан.

Маалымат үчүн:

Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, 27-ноябрда жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголду.

Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнатына 10 миңден ашуун адам катышкан. Анын сөөгү Сузак айылынын Кайрагач мазарына жерге берилген.

Шектүү колго түшүрүлгөндөн кийин Сумая Хосилжанованын атасы Уткирбек Сулайманов кылмышка шектелип кармалган адамды тааныбай тургандыгын ага байланышканыбызда билдирген.

23-декабрда Жалал-Абад ОИИБи кармалган жаран бошотулганын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.12.2021. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ал жерден качып чыгып кетип дагы бироолорго зыян бербесин, негизи эле ушул законду озгортуш керек, оорулуу деп бошотуп же жаткырып коесунар анан башка кылмыштарга да барат
24.12.2021. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал уже уйундо "Карынлаштарым менен чайичип отурам апам болуп " деп инстаграмда голосовой сообщениясы журот го..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: