Таласта жеңил унаа оодарылып 2 адам каза болуп, дагы бирөө ооруканага жаткырылды
Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр-Аманбаев унаа жолунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-декабрга караган түнү саат 03:00 чамасында Таластын Кара-Буура районунда Кызыл-Адыр-Аманбаев жолунда болгон. Анда 36 жаштагы айдоочу Тойота-Сурф унаасы менен келе жатып рулга ээ боло албай оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана бир жүргүнчү алган жаракаттарынын негизинде каза болушкан. Ал эми Бакай-Ата районунун тургуну учурда аймактык ооруканада дарыланууда.
Учурда жол кырсыгы териштирилүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.