Президент Алмазбек Атамбаев Корея Республикасынын Сеул шаарына расмий сапары менен келди





Бүгүн, 18-ноябрь күнү КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев расмий сапары менен Корея Республикасынын Сеул шаарына келди. Алмазбек Атамбаевди Корея Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Ким Кю Хён менен Корея Республикасындагы Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов тосуп алышты.
Автор: Эльвира Караева
Фото: Султан Досалиев
18-20-ноябрь күндөрүнүн аралыгында өтүүчү сапар Алмазбек Атамбаевдин Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хэ, Улуттук ассамблеянын спикери Кан Чан Хи менен жолугуусу жана кыргыз-корей инвестициялык форумуна катышуудан турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

