super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "711 миңден ашык пенсионердин жашоосун жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар бар, анын баарын ишке ашырабыз"

 

Бүгүн, 25-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда министрлер кабинетинин жыйналышы өтүп жатат. Анда президент сөз сүйлөдү.

"Пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө жарлыкка кол койдум. Азыр орточо пенсия 6 миң 248 сомду түзөт. 711 миңден ашык пенсионердин жашоосун жакшыртуу боюнча Акылбек Усөнбековичтин конкреттүү сунуштары бар, буюрса, анын баарын ишке ашырабыз. Социалдык даректүү колдоо күчөтүлдү. 1-октябрдан тарта 50 пайызга жогорулатылды. Буга чейин колдоруна 4 миң сомдон алышса, эми 8 миң сомдон алышты. 1-январдан тартып дагы көтөрүлөт. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар: 1-топтогулардыкы – 4 миң сомдон 8 миң сомго чейин көбөйдү. 2-топтогулардыкы – 3 миң 300дөн 6 миң 600 сомго жогорулады. 3-топтогулар – 2 миң 700дөн 5 миң 400 сомго чейин жогорулатылган жөлөк пулдарды алышат. Биз көбүрөөк карапайым элге жардам берели деп жатабыз. Биздин максат – өлкөдө жакшы жашаган адамдардын санын көбөйтүү", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: