super.kg logo
  Саясат  

Президент Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койду

 

Бүгүн, 25-декабрда президент Садыр Жапаров "Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн министрлер кабинетинин жыйынында мамлекет башчысы Исфана шаарын Раззаков шаары деп өзгөртүү демилгесин көтөргөн.

Токтом кылынат:

1. Министрлер кабинети эки айлык мөөнөттө:

  • Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаары деп кайра атоо маселесин белгиленген тартипте карасын;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамынын тиешелүү долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

2. Жогорку Кеңешке жогоруда аталган мыйзам долбоорун кезексиз тартипте кароо сунушталсын.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: