super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 26-ДЕКАБРЬ: Түркиялык актриса жана модель Селен Сойдер 35 жашка толду

 

Түркиялык актриса жана модель Селен Сойдер 35 жашка толду. Ал 1986-жылы 26-декабрда Түркиянын Измир шаарында туулган. Селен башталгыч жана орто билимди Салих Ишгөрен атындагы мектептен алып, андан соң Измирдеги Сельма Игиталып лицейин аяктаган. Лицейди бүтүргөндөн кийин Анатолия университетинин коомчулук менен байланышуу факультетине тапшырган. Ал эми 2014-жылы Стамбул университетинин тарых факультетин аяктаган.

Моделдик карьерасында 2006-жылы "Түркиянын мисс модели" сынагында "Мыкты модель" наамын жеңип алган. Ошол эле жылы Кытайда өткөн "Дүйнөлүк мисс бикини" сынагына катышып, мыкты моделдердин алдыңкы бештигине кире алган. 2007-жылы "Stаr TV" телеканалы уюштурган "Мисс Түркия" сынагында 1200 кыздын арасынан суурулуп чыгып, бул наамды багындырган.

Тасма талаасында 2010-жылы "Асман-жердин ортосунда" сериалында Топрак аттуу кыздын ролун жараткан. Андан соң "Кызгалдактар гүлдөгөн маалда" сериалында да Топрак аттуу каармандын образын ачып берген. 2014-жылы актриса "Реакция" тасмасына тартылып, 2015-жылы "Жахиденин ачык турмушка чыгуусу" аталышындагы фильмде роль жараткан.

26-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.12.2021. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Güzel экен чын эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: