super.kg logo

Ошто мас абалда унаа башкарып бир нече унааны сүзгөн айдоочу камакка алынды

 

Ош шаарында мас абалдагы айдоочу бир нече унааны сүздү. Айдоочуну токтотуу үчүн курал пайдаланылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-декабрь күнү саат 02:00 чамасында окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы рейддик иш-чара өткөрүү учурунда болгон. Анда айдоочу унаасы менен карама-каршы тилкеге чыккан, кызматкерлер унааны токтотууну талап кылганда баш ийбестен кыймылын улантып милициянын кайгуул кызматына таандык унааны сүзгөн. Бирок ошого карабастан кайрадан машинасын айдап жөнөгөн.

Андан ары бара жатып дагы бир көчөдөн ВАЗ 2106 үлгүсүндөгү унаанын оң тарабын сүзүп, андан кийин НОWО унаасын сүзүп токтогон. Мындан улам кызматкерлер ага эскертүү иретинде эки жолу асманга ок чыгарган. Жыйынтыгында айдоочусу кармалып, ал рулду мас абалында башкарып бара жатканы аныкталган.

Айдоочу Кара-Суу районунун тургуну, оор жүк ташуучу машинанын айдоочусу болуп иштейт. Ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: