super.kg logo

"Эми терисин тирүүлөй сыйрыйт". Түркияда кыз ага кислота чачкан адамга турмушка чыкты

 

Түркияда 20 жаштагы кыз бетине күкүрт кислотасын чачып, жүзүн бузган жигитке турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 20 жаштагы Берфин Озек 2019-жылы Түркиянын түштүк-чыгышындагы Искендерун шаарында болгон тымызын чабуулдун курмандыгы болгон. Кислота ажарлуу студенттин жүзүн бузган. Ошондон кийин анын бир көзү сокур болуп калган.

Ага кислота чачкан адам кыз сүйлөшүп жүрүп таштап кеткен мурдагы жигити болгон. Бул үчүн ал мыкаачылык менен андан өч алган. "Эгер мен сени ала албасам, сени эч ким албайт" деген жигит кислота чачардан мурун.

Андан кийин жигити камакка алынып, сот кылмышкерди 13 жарым жылга эркинен ажыраткан. Бирок жигиттин жолу болуп, мыйзамдагы өзгөртүүлөр жана коронавирустук пандемияга каршы күрөшүү чаралары аны шарттуу түрдө бошотууга алып келген.

Жигит темир тор артында отурганда кислота чачкан кызынан кат аркылуу кечирим сурап, сүйүүсүн билдирген. Андан кийин, эркиндикке чыккандан кийин дароо анын колун сураган.

Жыйынтыгында кыз аны кордогон адамды кечирип эле койбостон, ага турмушка чыккан. Кыздын үй-бүлөсү бул чечимге таң калышкан.

"Ал бизге билгизбей эле үйлөнүп алды, мен ал үчүн көп жылдар күрөшкөм, бирок баары текке кетти", - деген кыздын атасы.

Социалдык тармактарда жаңы үйлөнгөн жубайлар катуу сынга кабылды. "Дүйнөдөгү эң келесоо эркек ким деп сурашса, мен бул аялдын атын айтып жооп берем. Кийинки жолу бул киши анын терисин тирүүлөй сыйрып алат", - деп жазган колдонуучулардын бири.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
27.12.2021. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Копко жашай албайт го
27.12.2021. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,неге?азыр медицина өнүккөн,көзү ордуна келбесе да,жүзүн пластикалык операция жасатса болот
27.12.2021. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tursunbaev1978, пластикалык операция бир эле жолу эмес көп жолу керек. Ушундай жек көрүү менен кислота чачкан эркек жини келсе мындан да жаман нерселерди жасайт!Тигил кыздын мээси ордунда эмес! Араб, курд, түрктөрдө кыздарга кислота чачкан эркектери көп. Буларда мындай иш өч алуунун куралы. Ушунчалык дагы зөөкүр, кыйтыр болобу? Кудай сакта! Өз баштары менен кетсин! Итиркейди келтирет ушундайлар!Жер кантип көтөрүп жүрөт ушундайларды! Өзүмчүл, зулумдарды! Эмнеси адам? Эмнеси эркек?
28.12.2021. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tursunbaev1978,кыздын ордунда болсоңор тигил зөөкүрдү кечирип тиймек белеңер?
27.12.2021. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын
27.12.2021. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Как можно себя так не любить?! Дай Бог, чтобы он её не убил.
28.12.2021. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экөө тең зордукту, кордукту сүйгөн мазахисттерден экен да. Психикалык ден соолугу таза адам мындайга барбайт, жол бербейт башкага дагы,өзүнө дагы жана кечирбейт!
28.12.2021. 05:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турктор да аялдарга зомбулук кылуу боюнча кыйын мен коп коргом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: