super.kg logo

Бишкекте гемодиализ кызматын уруксатсыз көрсөткөн жеке клиникалар аныкталды

 

"Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна" караштуу Бишкек аймактык башкармалыгынын жооптуу адамдары тарабынан гемодиализ кызматтарын көрсөткөн жеке медициналык мекемелерди мыйзамсыз каржылоо фактылары аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мамлекеттик эмес айрым медициналык борборлор бейтаптардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, коопсуздугу жана сапаты тастыкталбаган «Жасалма бөйрөк» аппараттарын уруксатсыз түрдө ашыкча орнотуп алышканкандыгы такталган. Айрым жеке менчик бейтапканалар аталган фонддун Бишкек аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, пайдалануу үчүн уруксат документтери жок медициналык жабдуулар менен бейтаптарды кабыл алып келишкен. Натыйжада, алар гемодиализ жүргүзүүгө келген оорулуулардын санын жана сеанстарын ашыкча көлөмдө көрсөтүшүп, республикалык бюжеттен каржыланып келген.

Бул фактылар боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана 245-беренеси "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" менен кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: