ӨКМ: 19-21-ноябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзөрүшү күтүлөт
19-21-ноябрь күндөрү өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 19-ноябрда жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн. Ошондой эле тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Ал эми 20-21-ноябрь күндөрү кар жаап, жолдор тайгалак болот. Буга байланыштуу ӨКМ Кыргызстандагы тоолуу аймактагы унаа жолдорунда (Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт) айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоону жана унаалардын кышка даярдыгын камсыздоону эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

