super.kg logo

"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин технологиялар башкармалыгынын башчысы кармалды

 

"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин географиялык маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Айыл-чарба багытындагы жерлерди жеке турак-жай курууга мыйзамсыз которуу жана сатуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүк иштин алкагында "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы Т.Б. кармалып УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө аталган адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында далилдөөчү негиз боло ала турган документтер табылып алынган.

Белгилей кетсек, бул факты боюнча мурда Кара-Суу райондук "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин филиалынын мурдагы жетекчилери Б.Б. жана Ш.С. Нариман айыл аймагынын мурдагы башчысы И.Г. Нариман айыл аймагынын башчысы Н.Х. коррупциялык топтун мүчөсү Н.Х. жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл району боюнча филиалынын убактылуу башчысы М.А. кармалышып УКМК тергөө камак жайына киргизилишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: