super.kg logo
  Саясат  

Президенттин басма сөз катчысы Мадумаровдун "Ысык-Көл" мейманканасы тууралуу жасаган кайрылуусуна жооп берди

 

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Адахан Мадумаровдун "Ысык-Көл" мейманканасы тууралуу жасаган кайрылуусуна жооп берди.

"Мадумаров мырза буга чейин өзүнүн мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмердүүлүгү учурунда “Ысык-Көл” мейманканасын калыбына келтирүү зарылдыгы жөнүндө коомчулук алдында кандайдыр бир билдирүү жасаганы эсибизде жок. Мейманкана Бишкектин аймагындагы жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтер тизмесинен чыгарылган. Анткени имарат көп жылдар бою колдонулбай, эскилиги жетип, жараксыз абалга келген. Президенттин иш башкармалыгынын маалыматы боюнча, аны кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдалчу сумма талап кылынмак. Мадумаровдун чет элдик инвесторлор тууралуу айткандары боюнча бүгүнкү күндө кайсы бир чет элдиктерди тартуу маселеси жоктугун белгилейбиз. Аталган саясатчы ар бир "актуалдуу темада" "ызы-чуу жаратууга" аракет кылып жаткандай таасир калтырат”, - дейт Эрбол Султанбаев.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкектин четиндеги "Ысык-Көл" мейманканасынын бузулуп жатканына байланыштуу кайрылуу жасаган. Анда саясатчы мейманкананы бузуу ал жайгашкан жерге жана кытай инвесторлору катышкан долбоорго байланыштуу болушу мүмкүндүгүн айткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: