super.kg logo

Жансыз денеси дааратканадан табылган Жигиталинин апасы: "Бети күйүп, тогуз жеринен жиликтенген, дене мүчөлөрүн скотч менен жармаштырып жерге бердик"

 

Баткен облусунда 1988-жылы туулган Жигитали Темирбаевди өлтүрүп, жиликтеп дааратканага салып, үстүн топурак менен көмүп салышкан деп шектелип, анын эки кайнагасы кармалган.

Бүгүн, 27-декабрда SUPER.KG порталы маркум Темирбаевдин апасы Бактыгүл Темирбаевага байланышка чыкканда тергөө кечеңдеп, шек жараткан жагдайлар көп экенин айтты.

Каза болгон Жигитали Бактыгүл Темирбаеванын жалгыз уулу. Ал жубайы менен 11 жыл мурун баш кошуп, 3 баланы тарбиялап келе жаткан.

"Балам 17-октябрда дайынсыз жоголду. Ошол күнү уулум менен сүйлөшкөндө тили булдурап сүйлөй албай жаткан. Менин баамымда балама келиним уу берген, андан кийин эки агасын чакырып, аны дайынсыз жоголду деген аракетти көрүшкөн. Уулумду алар алгач келиндин агасынын аялынын унаасына салып өздөрү иштеткен дарыканага алып барып укол сайып дарылап көрүшкөн. Натыйжа болбогондон кийин аны алгач өрттөп көрүшкөн. Бирок дене майланышып катуу сасыгандан улам кайра шектелип кармалган агасынын үйүнө алып келип, денесин отун аралаган араа менен 9 жеринен жиликтеп, андан кийин дааратканага салып жиберишкен. Баламдын сөөгүн жерге берерде мүчөлөрүн скотч менен чаптап анан көмдүк. Башы бар, бирок бети күйүп, тиштери эле калган экен.

Эртеси келиним ата-энеси, бир туугандары болуп балама издөө салышкан. Алар 3 күн эл менен кошо издешкен. Бужум айылынан 500гө жакын адам издөө салганда кайнагалары үйлөрүн текшертпей, эч кимди киргизбей коюшкан. Ош шаарынан милиция келип, кылмыштын бети ачылды. Анда алар эки шектүүнү суракка алганда дааратканага салып жиберишкенин көрсөтүп беришкен. Баламдын эң улуу кызы 9 жашта. Ал эки таякем үйгө келди, атамды сүйрөп үйдөн алып кетишти деп айтып жатат. Алар үйдөн килемге ороп алып чыгып кетишкен.

Уулум менен келинимдин ортосунда эмне чыр чыкканын билбейм, бирок келиним башка менен жүрүп кеткен окшойт. Жигитали жоголордон 2-3 күн мурун мага телефон чалып, "апа, келиниңизди бирөө менен кармап алдым. Келиңиз, ажырашам" деп чалган. Мен келейин деп даярданып жатканда ушул окуя болуп кетти.

Азыр тергөө жүрүп жатат. Бирок мени деле суракка алышкан жок. Бул ишке аралашканы үчүн келиним да суралган жок. Эгер укук коргоо органдары бул иште келинимдин дагы катыштыгын карап көрсө 3 баланы багып алганга кудуретим жетет. Эгер андай болбосо мага балдарынын кереги жок. Мен акыйкат издеген энемин, мага ошол керек. Президентке, башка тийиштүү органдарга кайрылуу жасагам, бирок эч кандай жооп боло элек", - дейт Бактыгүл Темирбаева.

SUPER.KG порталы бул окуяда экинчи тарап болгон жарандардын да оюн угуп, чагылдырууга даяр.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
27.12.2021. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кереги эмес дебей жалгыз баласынын балдары экен багып алсын талашып болбосо чон кызын апасы соо койбойт го мени тагаларынды саттын деп
27.12.2021. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
_PeriWa_,бироого келгенде психологбуз. Эненин Жан дуйносунон эмнелер отуп жатканын кайдан билесиз
27.12.2021. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Тобаа Алла өзү кичирсин.адам баласы мынча мыкаачы болуп баратабыз.айбанданда жаман болуп баратабызго.Алла бейишинен жай берсин маркум Жигиталиге.берки зөөкүрлөргө Алланын каргышы болсун.
27.12.2021. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ушундай эшектерге өлүм жазасын киргизиш керек. Түрмөдө да бакпай.
27.12.2021. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айжанга окшогон шуркуя экен да келини,чачын жайып көтүн көрсөтүп жүргөндөр
27.12.2021. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Апанын айтканында чындык бардай
28.12.2021. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Келиндида камаш керек ошо келиндин артынан уруш олумго апарыптыр
28.12.2021. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкаачылар келинин каматсын байкуш эне сыздабасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: