super.kg logo

Яндекс Go эми Бишкекте биргелешип сапарга чыгуу үчүн "Жолоочу" опциясын сынай баштады (фото)

 

Яндекс Go тиркемесинде эми "Жолоочу" жаңы опциясы пайда болду. Анын негизинде, сиздин сапарыңыз пайдалуу болушуна шарт түзүлөт, анткени тиркемени колдонуучу жолдон башка жүргүнчү менен биргеликте жол жүрүшү мүмкүн. Колдонмо айдоочуга жана эки колдонуучуларга тең, чогуу жүрүү күтүлөрүн алдын ала эскертет.

Колдонуучулар үчүн сапардын баасы бул жаңы опцияга ылайык, 20 пайызга чейин үнөмдүү болот. Бул опция тиркемеде дайыма эле пайда боло бербейт, ал сапардагы кишинин жолу бирге болгон жолоочуну табуу ыктымалдыгы арбыган кезде гана пайда болот. 8 км аралыктан алысыраак сапарга чыгуучулар үчүн бул опцияны көрүү мүмкүнчүлүгү жогору. Ал эми айдоочу сапарга бир аз көбүрөөк убакыт кетирип, бир эле учурда эки буйрутманы аткарып, өз убактысын оптималдаштыра алат.

Яндекс Go компаниясынын аткаруучу директору Тамирлан Шапиев: "Биз Бишкектин тургундары таксиге караганда жеткиликтүү жана туруктуу транспорттун болушун каалашат деп уктук. "Жолоочу" аркылуу сапарга чыгуу эми колдонуучулар сыяктуу эле айдоочулар үчүн да пайдалуу болот”.

Опция азырынча кээ бир гана колдонуучуларга жеткиликтүү. Ал бир аз убакыттан кийин же тиркеменин жаңы версиясын жүктөп, жаңырткандан кийин акырындык менен бардык колдонуучуларда пайда болот. Акысыз тиркеме Яндекс Go кыргыз, орус жана башка көптөгөн тилдерде iOS жана Android үчүн жеткиликтүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.12.2021. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шалпыйган эврейдин жугундукору комиссияны 18 пайызга чокунарга көтөрөсүңөрбү келип келип эле айдоочуларды кыйнап атасыңар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: