super.kg logo

"Сейфти талкалап миллион сомду алышкан". Чүйдө бир нече уурулукка шектелген жарандар кармалды

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунда бир нече уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-декабрь күнү Аламүдүн РИИБине арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылып, Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип үйүндөгү сейфти талкалап, 1 миллион 200 миң сом акча каражатын, 300 миң сомдук алтын буюмдарын жана ACER үлгүсүндөгү ноутбугун алып кетишкенин айтып арызданган.

Бул факты катталып, жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 29 жаштагы А.С., 27 жаштагы Б.Б. жана 22 жаштагы Т.М. аттуу жарандар кармалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн жашаган үйүнөн далил буюмдар алынган. Териштирүү учурунда кармалган жарандардын Аламүдүн районунун аймагында дагы 8 уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги такталган.

Андан сырткары Ысык-Көл облусунун аймагында дагы 3 фактыга тиешеси бар болуп чыккан. Жогорудагы иштер боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, учурда шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу териштирилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.12.2021. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уурунун бири сакалчан таксырго
28.12.2021. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
didu, Кытайдын баары кунгфу эмес сакалчандын баары таксыр эмес!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: