super.kg logo

Украинада эми кыз-келиндер да аскердик каттоого алынат

 

Украинада аскер жашындагы ар кандай кесиптеги эркектер менен бирге эле кыз-келиндерди дагы жашаган дареги боюнча аскердик каттоодон өтүүгө милдеттендирген буйрук күчүнө кирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 35 адистиктеги жүздөгөн кесиптин өкүлдөрү, анын ичинде менеджерлер, искусство таануучулар, журналисттер, юристтер, ашпозчулар, фармацевттер, музыканттар, мейманкана жана ресторан адистери аскердик кызматка тартылат.

Иш жүзүндө бул тизме эркектер менен катар аялдар иштеген бардык тармактарды ичине камтыйт. Компаниялардын жетекчилери менен бирге катардагы адистер да аскердик каттоодон өтүүгө тийиш. Толук кандуу аскердик аракеттер башталган учурда журналисттер менен басма сөз кызматкерлери дагы аскерге чакырылышы мүмкүн. Буйрукка ылайык, башталгыч класстардын мугалимдери, бийчилер жана кечил айымдар (монах) аскердик кызматтан бошотулат.

Бул буйрук 2021-жылдын октябрь айында бекитилген. Бирок бул тууралуу азыр гана белгилүү болгону айтылат маалыматтарда. Аскер комиссариатка каттоодон өтүүгө 2022-жылдын аягына чейин убакыт бар экени айтылат. Ошол эле учурда аскердик каттоого турбагандар айыпка жыгыла турганы да белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.12.2021. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Украина армиясын күчтөндүрүп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: