Милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө кылмышка шектүүлөрдү аныкташты
Чүйдө милиция кызматкерлери "Бандит" аталышындагы рейд жүргүзүп, анын алкагында уурулукка, алдамчылыкка шектүүлөр аныкталды.
Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга эскертүүлөр берилди. Андан тышкары алдамчылыкка, уурулукка шектелип 46 жана 33 жаштагы жарандар кармалды.
"Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турушат", - дешет башкармалыктан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.