super.kg logo

2021-жылы дүйнөдө болгон табигый кырсыктардын кесепетинен келтирилген чыгымдын суммасы айтылды

 

2021-жылы катталган табигый кырсыктардын кесепетинен 170 миллиард доллар чыгым келтирилген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 20 миллиард долларга көп. Мындай маалыматты Christian Aid гуманитардык агенттигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы ири каражаттык чыгымга алып келген табигый кырсык бул "Ида" бороону болгон. Ал АКШнын чыгыш тарабында август айында катталган. Анын кесепетинен Нью-Йорктун аймагын катуу суу ташкыны каптаган. Бул табигый кырсыктан улам келип чыккан чыгымдын жалпы суммасы 65 миллиард долларды түзгөн. Ири чыгымга алып келген экинчи табигый кырсык болуп Германия жана Бельгияда июль айында болгон суу ташкыны эсептелет. Андагы чыгым 43 миллиард долларга бааланган. Андан тышкары АКШнын Техас штатында аба ырайынын кескин төмөндөшү жана Кытайдын Хэнань провинциясындагы суу ташкыны ири чыгымдарга алып келген.

Агенттиктин билдиришинче, бул тизмеге экономикасы бай өлкөлөр гана киргизилген. Ал эми кедей мамлекеттердеги табигый кырсыктардан улам келип чыккан чыгымдарды эсептөө татаал. Себеби көпчүлүк инфраструктуралар камсыздандыруудан өткөн эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: