Стамбул шаарынын мэриясынын 500дөн ашуун кызматкери террордук уюмду колдогонго айыпталууда
Түркиянын Стамбул шаарынын мэриясынын 500дөн ашуун кызматкери террордук уюмду колдогон деп шектелүүдө. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин расмий билдирүүсүнө шилтеме келтирүү менен түркиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Түркиянын Ички иштер министрлигине Стамбул шаарынын мэриясынын кызматкерлеринин террордук уюм менен байланышы бар деген даттануулар келип түшкөн.
Өз кезегинде Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу (Түркиянын Элдик-республикалык партиясынын мүчөсү) бул айыптоону четке кагууда. Анын айтымында, мэриянын кызматкерлеринин арасында кайсы бир террордук уюмду колдогондор жок, алар Стамбул шаарына кызмат кылышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
mirlanpiter

29.12.2021. 01:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин Бишкек мэриясында канча кызматкер бар ким билет?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.