Президент Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Делегациянын курамында кимдер бар?
Бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаров Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:
- тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
- Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүльнара-Клара Самат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:40
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















