super.kg logo
  Саясат  

Кайра шайлоо. Талапкерлерди көрсөтүү 27-январда аяктайт

 

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо өтөт.

Бир мандаттуу округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө 30 календарлык күн калганга чейин аяктай башкача айтканда келе жаткан жылдын 27-январга чейин (кошкондо). Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.

Саясий партиялардан бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер талапкерлиги добушка коюлган шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде жүзөгө ашырылат. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине БШК мүчөсү катышууга укуктуу. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн жана саясий партиянын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн талапкер КР БШКга берилет.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Депутаттыкка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календарлык күн калганда башкача айтканда 2022-жылдын 7-февралына чейин аяктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: