Кыргыз окуучулары эл аралык олимпиададан алтын жана күмүш медаль жеңип алышты
Кыргыз өлкөсүнөн 3 окуучу геометрия боюнча иран олимпиадасында 1 алтын, 2 күмүш медалды жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, геометрия боюнча иран олимпиадасы 2014-жылдан бери уюштурулуп келет. Бул ирет онлайн-форматта уюштурулган олимпиадага 57 өлкөдөн 4 миң 500дөн ашуун окуучу катышкан. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча кыргыз окуучулары 3 медалды жеңип алышты:
1. Фёдор Корнияш, Бишкек шаарынын Е.Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи - ортоңку класстар арасында алтын медаль;
2. Назар Киргизбаев, Бишкек шаарынын Е.Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи - ортоңку класстар арасында күмүш медаль;
3. Тилек Аскербеков, Чыңгыз Айтматов атындагы "Сапат" лицейи - жогорку класстар арасында күмүш медаль.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
16:40
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















