Өзгөндөгү Жаңы жылдык балаты талкуу чордонунда. Аны тургундар жасалгалаган
Социалдык тармакта Ош облусунун Өзгөн районундагы Жаңы жылга карата жасалган балаты кызуу талкууга алынды. Анда интернет колдонуучулары ар кандай маанайдагы пикирлерин айтышты.
Анда колдонуучулар:
"Түндө жарыгын жандырып койсо сонун көрүнүп калат"
"Байыркы шаарга байыркыдай балаты тургузуптур!"
"Жакшы эле болуптур жасалбай, эмне кылышат чыгашА кылып? Жасаганда эмне пайда? Кимге пайда?".
"Туура кылышкан даяр өсүп турган балаты экен" деген өңдүү пикирлерин калтырышкан.
Бул боюнча президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү маалымат таратып, аталган балаты тургундар тарабынан жасалганын билдиришти.
"Быйылкы жылы Өзгөн шаарынын мэриясы тарабынан Жаңы жылдык жасалгалоо, балаты орнотууга каражат бөлүнгөн эмес. Андыктан быйыл Өзгөн шаарына балаты орнотулбайт.
Ал эми социалдык тармакта тараган балатыга Өзгөн шаардык мэриясынын тиешеси жок. Ал балаты тургундар тарабынан жасалган", - дешти өкүлчүлүктөн.
кошулду


90% элдин баары сага окшогон диний фанат эмес. Элдин басымдуу болугу светтик жашоо турмушту алып журушот. Молдолордун жомогуна ишенбегиле, ар бир уй було жаны жылды жакшы тосуп, бул жылы баардык каалоо тилектеринер орундалсын. Келе жаткан жаны жылыныздар менен.
Жаны жыл жон эле конулдуу майрам. Чала скбат моллолор асылып эле жатып калдынар да жаны жылга кенкелестер.