super.kg logo

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили кайра абакка кайтаарын уккандан кийин эс-учун жоготту

 

Грузиянын камактагы мурдагы президенти Михаил Саакашвили аны аскердик госпиталдан алып кетүүгө келген укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүү учурунда эсин жоготту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери аны абакка алып кетүү үчүн келгенде Саакашвилинин кан басымы көтөрүлүп жаткан. Ал полиция кызматкерлерине бул жөнүндө айтканда алар уккан эмес. Андан кийин экс-президент каршылык көрсөтүп жатып эс-учун жоготкон.

Михаил Саакашвили 1-октябрда камакка алынган. Ага бир канча жыл мурун өлтүрүлгөн Сандро Гиргвлиани аттуу банк кызматкеринин иши боюнча айып тагылууда. Саясатчы абакта ачкачылык жарыялаганы белгилүү болгон.

9-ноябрда анын ден соолугу начарлап, абактын ооруканасына которулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: