Алайда 83 жаштагы карыяны жеңил унаа сүзүп, ал ооруканада каза болду



Ош облусунун Алай районунда 83 жаштагы карыяны жеңил унаа сүзүп, ал ооруканада каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-декабрь күнү саат 13:40 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунда жол кырсыгы болгон.
"Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарынын тургуну 1985-жылы туулган айдоочу өзүнө таандык Дэу- Нексия үлгүсүндөгү унаасы менен чыгыштан-батышка карай бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан Алай районунун 83 жаштагы тургунун сүзгөн. Жабырлануучу оор жаракат алып, Алай райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, ошол жерден каза болгон", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Шамалдысай шаар эмес шаар тибиндеги поселок.